• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУнун Конфуций институтунун 10 жылдык мааракеси белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин (Конфуций институту) 10 жылдыгына арналган иш-чара Ош шаарындагы Бабур театрында белгиленди.

Окуу жайдан билдиришкендей, салтанатка Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Кытайдагы, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан келген коноктор, мекеме-ишканалардын жетекчилери, факультеттин жамааты, ата-энелер, студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор Кыргыз-Кытай факультетинин 10 жылдык мааракесине арналган куттуктоо сөздөрүн айтып, факультеттин окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту. Мааракеге карата жыл ичи факультетте уюштурулган спорттук, маданий иш-чаралардын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Салтанаттуу аземде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков 10 жыл аралыгында ОшМУнун Конфуций институту өзгөчө ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Кытай факультети кытай таануу, лингвистика жана филология адистиктерин даярдайт. Учурда факультеттин 28 сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дубайда, 20 бүтүрүүчү Россияда, бир бүтүрүүчү Америкада, үч бүтүрүүчү Кытайда эмгектенип жатышат. Андан сырткары, окууну мыкты аяктап, билимин жогорулатып келген 10 бүтүрүүчү ОшМУ эмгектенишүүдө.

ОшМУ Кытайдын 40тан ашуун ЖОЖдору менен байланышып, анын ичинде 20дан ашуун университеттер менен кызматташуу келишимдерине кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий