• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас дарыясынын сол жээги бекемделди

Аймак 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Талас дарыясынын сол жээги бекемделди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айыл аймагынын чыгыш тарабында чек ара тилкесиндеги Талас дарыясынынын коңшу Казакстан мамлекети тарабындагы сол жээгин бекемдөө иштери бүткөрүлгөн.

Тактап айтканда, Талас дарыясынын сол жээгинин 400 метри Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти тарабынан бекемделди.

Бекемдөө иштеринин натыйжасында Кыргызстан менен Казакстандын чек ара тилкеси, 350 га жайыт жерлер, 57 турак жай, 1 км ички чарба жолу корголду.

Пикир

Оставить комментарий