• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орунбеков: 2023-жылдын I кварталында Кумтөрдүн таза кирешеси 3,2 млрд сомду түздү

Экономика 0


Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-кварталында Кумтөрдөн түшкөн таза киреше 3 миллард 225 миллион 798 миң сом болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин кирешеси толугу менен кыргыз элине калып жаткандыгын айтты.

"Мурда тонналап казылган алтындар чет элге кетип, таза кирешенин аз бөлүгү Кыргызстанга тийчү. Жакын арада жарым жылдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий