• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылы "Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү - 3" компонентинин алкагында Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу үчүн подрядчыны тандоо иштери жүргүзүлгөн.

"Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарында, Түп, Теплоключенка, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында туристтик борборлордун курулуш иштери башталып, бардык объекттерде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Тагыраагы фундамент куюу иштери аяктап, темир тирегичтерди (имараттын каркасы) жана чатырды орнотуу иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын июль жана ноябрь айларында туристтерди тейлөө борборлору курулуп жаткан аймактарда долбоор, даттанууларды кароо механизми, аларды кароо тобун жарыялоо боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий