• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каракол - Пристань - Пржевальск унаа жолунун боюндагы 24 дарак мыйзамсыз кыйылган

Аймак 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Каракол - Пристань - Пржевальск унаа жолунун боюндагы 24 дарак мыйзамсыз кыйылган. Бул тууралуу Жараталыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында Каракол - Пристань - Пржевальск унаа жолунун 5-6 километриндеги токой тилкесинен 24 түп каражыгач түрүнө кирүүчү дарак кыйылган. Келтирилген чыгымдын өлчөмү 36 миң 494 сомду түздү.

Чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Ак-Суу РИИБнө өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий