• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу И.Раззаков мектебинин аймагына мыйзамсыз кирип кеткен 9 үй буздурулду

Аймак 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Ош шаарындагы И.Раззаков мектебинин аймагына мыйзамсыз кирип кеткен 9 үйдүн курулуштары бузулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов И.Раззаков атындагы мектептин аймагына мыйзамсыз курулган 9 турак үйдүн ээлери менен жолукту.

Учурда бул жердеги мектеп аянтына курулуштары чыгып кеткен турак жай ээлери түшүнүү менен өз алдынча үйлөрүнүн дубалдарын жана чарбалык курулуштарын бузуп жатат. Бул жердеги турак үйлөр 1 метрден 4 метрге чейинки аралыка чыгып кеткендиги аныкталган.

Мунун алкагында шаардык мэрия жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришкен.

Эске сала кетсек буга чейин шаар мэри Бакыт Жетигенов шаардагы мектептердин аймагына мыйзамсыз кирип, курулуш жүргүзгөн тараптарды коомго ачыктап, жерлерди мектепке кайтарып алуу боюнча тапшырма берген болчу.

Пикир

Оставить комментарий