• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлек району: сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда тартылган куткаруучулар жана техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жеринде жүрөт. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алган.

"Жалпысынан ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыктын башчысы жетектеген ыкчам топ, 20 куткаруучу жана №13 ЖТИден 4 грейдер, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, жеке компаниядан 1 жүктөгүч тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-май күнү, саат 18:30дар чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 10 турак үйдүн огороддоруна, “Арча-Бешик” бала бакчасынын жер төөлөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел суулары кирген.

Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көкташ унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум шагылдарга толтурган.

Пикир

Оставить комментарий