• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 221 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 221 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 42 бейтаптын абалы орточо оор. 168 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ти түзөт. Алардын ичинен 564 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий