• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы товарларды маркалоонун улуттук оператору тарабынан 297,4 млн код берилди

Коом 0

2022-жылы товарларды маркалоонун улуттук оператору тарабынан 297,4 млн маркалоо коду берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйынтыктоочу жыйында санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Апсамат Мурзакматов билдирди.

Мурзакматовдун айтымында, анын ичинен тамеки продукциясы үчүн – 261,4 млн код, алкоголдук продукция үчүн – 35,9 млн код жана текстиль продукциясы үчүн – 103,3 миң код берилген.

"Товарларды маркалоо" системасында тамеки продукциясынын 9 импорттоочусу, алкоголдук продукциянын 9 өндүрүүчүсү жана 27 импорттоочусу катталган жана маркалоо кодун алышат", - деди ал.

Ошондой эле ал "Текшер" мобилдик тиркемеси иштей турганын, ал аркылуу маркаланган товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын аныктоого болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий