• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2-октябрда Бишкектин борборунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Жекшемби, 2-октябрда Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Түндүкэлектр" ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы жекшемби күнү «Центральная-1» көмөк чордонуна пландык иштерди жүргүзөт. Электр энергиясы өчүрүлгөн аймакка «Белинский» суутоптомосу кирет.

Муздак ичүүчү суу токтотулган учурда «Белинский» суутоптомосунда, ошондой эле суутоптомону кышкы мезгилге даярдоо максатында шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Буга баланыштуу 2-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүндөгү турак үйлөрдө, мектептер, балдардын мектепке чейинки мекемелери, саламаттык сактоо объекттери, башка социалдык-тиричилик жана өнөр-жай багытындагы мекемелерде суу болбойт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий