• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы турак жайды камсыздандыруу ишин күчөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда турак жайларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү аракети күчөтүлдү. Бул багытта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев уюмдун кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди.

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын Жалал-Абад филиалынын директору Сталбек Абдурасулов белгилегендей, облуста 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча 10 миң 725 турак жайды камсыздандыруу боюнча келишимдер түзүлдү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миң 858 келишимге көп.

“Филиалдын кызматкерлери облустун район-шаар башчылары, айыл аймак жетекчилери жана турак жай ээлери менен түшүндүрүү иштерин улантууда. Облустагы филиалга быйылкы жылга 12 млн сом акча каражатын которуу пландалып, алты айдын жыйынтыгы менен жумуш 140,7 пайызга аткарылды. Облус боюнча бүгүнкү күнгө карата 32 ар кандай табыгый кырсыктар жана өрт катталып, 24 кырсыктан жабыркаган турак жай ээлерине 4 млн 577 миң 523 сом акча каражаты төлөнүп берилди. Ал эми калган кырсыктар боюнча тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Алдыда ар бирине жабыркаган деңгелине ылайык акчалай жардам берилет”, - деди Сталбек Абдурасулов.

Пикир

Оставить комментарий