• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети Нарынга балдар бакчасын салып берди

Аймак 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Анкара шаарынын (Түркия) Этимесгут муниципалитети Нарынга балдар бакчасын салып берди. Объект эки шаардын ортосундагы достук келишимине ылайык курулган. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Балдар бакчасынын ачылышы 23-июлда болуп, ага Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, КР президентинин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, шаардык кеңештин депутаттары жана Нарын шаарынын тургундары катышты.

"Балдар бакчасы 100 бөбөккө ылайыкташкан, курулушка 650 миң доллар сарпталды. Нарын бийлиги бала бакча үчүн 1 миң 696 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берген. Бала бакчага Түркиянын енегиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн ысымы ыйгарылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий