• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл районунун башчысы Өрүктү айыл аймагынын эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-февраль күнү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл аймагынын эли менен жолукту. Бул тууралуу акимчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айыл эли менен жолугушууга райондук мекеме жетекчилери да катышты.

Жолугушууда айыл аймактын тургундары ар кандай көйгөйлөрү, алардын ичинен электр энергия, жер, үрөн, социалдык маселелер, ирригация, таза суу жана жеке жарандардын кайрылуулары көтөрүлдү.

Айтылган маселелер боюнча тийиштүү район жетекчилерине, чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий