• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри Караколдо "социалдык келишим" долбооруна катышкан үй-бүлөлөрдү кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Каракол шаарындагы "социалдык келишим" долбоорунун ишке ашырылышына көмөк көрсөтүп, мамлекеттен каражат алган беш үй-бүлөгө барды.

Ведомстводон билдиришкендей, бардык үй-бүлөлөр иштеп, киреше таап эле тим болбостон, бизнести өнүктүрүүнү да пландап жатышат. Бул "социалдык келишим" долбоорунун натыйжалуулугунун абдан маанилүү көрсөткүчү.

Мисалы, Элиза Эстебесова алгач 100 миң сомго ири мүйүздүү мал сатып алган. Сатуудан түшкөн киреше менен тигүүчү машинаны сатып алып жана тигүү менен кошумча акча таба баштады. Азыр анын кирешеси айына 38 миң сомго жетип, тигүү цехин ачууну пландап жатат. Наргиза Букараева дагы мал сатып алып, сүт сатуудан айына 25 миң сомго чейин киреше табат. Эми үй-бүлөнүн пландарында малдын санын кеңейтүү турат.

Сүт сатуудан 23 миң жана 29 миң сом киреше ала баштаган Төлөгөн кызы Жазгүлдүн жана Жамийла Жакенованын мал санын көбөйтүүнү көздөшүүдө. Ал эми Айгерим Сеитова айына 45 миң сом киреше алып тим болбостон, бир жумуш ордун да түздү. Ал жардамчысы менен үйдү тигип, жасалгалайт. Ошол эле учурда кеп мурда жумушсуз болуп, балдардын жөлөкпулуна гана жашап келген үй-бүлөлөр тууралуу болуп жатканын түшүнүү керек", — деди Гүлнара Баатырова.

Учурда Каракол шаарындагы "Социалдык келишим" долбооруна 100 үй-бүлө катышууда. Аларда 500дөн ашык адам жашайт, алардын 300дөн ашууну – балдар.
Долбоордун катышуучуларынын жарымынан көбү дыйканчылык менен алектенишет, ар бир бешинчи үй-бүлө өндүрүштү башташкан.

Пикир

Оставить комментарий