• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте автобус айдоочулары жол кире акысын накталай алганы үчүн жумуштан алынды

Коом 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссиянын ишинде жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралды.

Жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу Султанбек Жумаев, №36 каттамдын айдоочусу Макен Керимбаев , №195 каттамдын айдоочусу Дөөтгүл Мамбетов каттамдан алынды.

Буга чейин автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү эскертилген.

Эскерте кетсек, 20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбай тургандыгы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий