• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Дагы бир медаль! Темирлан Аманкулов Азия оюндарында коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Темирлан Аманкулов Азия оюндарында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгиленгендей, Кытайда өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында кыргызстандык спортчу 75 кг салмак ченинде катышты.

Темирлан Аманкулов чейрек финалда монголиялык спортчуну упайлардын көптүк эсеби менен жеңип, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык беттеште ал кытайлык спортчуга жеңилип калган.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан курама командасынын Азия оюндарындагы үчүнчү медалы. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль жеңсе, Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча коло медалга тагынган.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий