• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“БирДем” КФ кичи футбол жана волейбол боюнча кайрымдуулук турнирин өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. “БирДем” коомдук фонду кичи футбол жана волейбол боюнча кайрымдуулук турнирин өткөрөт. Турнир 2018-жылдын 12-13-май күндөрү Дене тарбияны чыңдоо борборунда (Бишкек шаары) өтүп, ага 16 курама катышат – 8 аялдардыкы жана 8 – эркектердики.

Мини футбол боюнча курамалар (эркектер):

1) “ЖИА бизнесмендери»

2) «Саясатчылар»

3) «Өнөр» - шоу-бизнес өкүлдөрү

4) «КР спорт федерациясы»

5) «ФБ Блоггерлери»

6) «Эл аралык Манас аэропорту» ААК

7) «Журналисттер»

8) «Мухаммед Умар»

Волейбол боюнча курамалар (аялдар):

1) «Бизнес айымдар»

2) «Журналисттер»

3) «Шоу-бизнес өкүлдөрү»

4) «Бест муундар»

5) «Саясатчылар»

6) «Спортсмендер»

7) «Эл аралык Манас аэропорту» ААК

8) «Бай Түшүм банкы»

Башталышы саат 10:00, билет баасы 500 сом.

Чогултулган каражаттын бардыгы карылар үйүнө керектүү азык-түлүктөрдү жана буюмдарды алганга жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий