• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен шаарында көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Баткен шаарында көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, көпүрө Турмаматов көчөсүндөгү сел кетүүчү сайга курулган.

"Узундугу 15 метр, туурасы 11 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушуна 10 млн сомдон ашуун каражат сарпталды. Каражаттын 7 млн 500 миң сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каржыланса, ал эми 2 млн 800 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн", - деп белгилешти өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, буга чейинки көпүрө көп келген сел сууларынан улам жараксыз абалга келип, кооптуулук жараткан.

Белгиленгендей, ошондой эле көпүрөнүн курулушуна байланыштуу убактылуу жабылган жол ачылып, унаа жүрүүгө уруксат берилди.

Пикир

Оставить комментарий