• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта маданият үйүнүн имаратын бузуп жаткан куруучунун эки бутун бетон басып калган

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Талас районунун Жоон-Арык айылындагы эскилиги жетип калган маданият үйүнүн имаратын бузуп жаткан куруучунун эки бутун бетон басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык 19-ноябрда болгон.

Жерине куткаруучулар тартылып, Б.Ж аттуу 35 жаштагы жаранга жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий