• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соң-Көл жайлоосунда бутун кокустатып алган бала куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Соң-Көл жайлоосунда бутун кокустатып алган бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиршти.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа району. Соң- Көл жайлоосунун Сары-Жон тилкесинде 2017-жылы туулган жаш бала бутун кокустатып алгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 3 куткаруучу АКУ менен тартылып, жогоруда аталган жаш баланы жайлоодон түшүрүп, Эмгек-Талаа айылындагы туугандарына өткөрүп беришкен.

Абалы канааттандырарлык, куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтып келишти.

Пикир

Оставить комментарий