• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курбулары менен сейилдейин деген. Бишкекте өспүрүм кыз 4-кабаттан кулап түшкөн

Кырсык 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Бишкекте окуучу кыз 4-кабаттан кулап түшкөн.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 2-мартта саат 22:49дар чамасында милиция кызматына Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө тобу барган.

“Алгачкы алынган маалыматка ылайык, 13 жаштагы М.С. аттуу кыз үйдө жалгыз болгон жана үй бек болгон. Ал курбулары менен сейилдөө үчүн үйдөн качып чыгууну көздөп, балкондон түшөйүн деп жатып кулап кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Өспүрүм кыз учурда ооруканада. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий