• 88.68
  • 95
  • 0.95

Берлинде Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын чакан жана орто бизнес Федералдык союзу тарабынан уюштурулган эл аралык бизнес-форумга катышты. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада элчилик Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Германияда персоналды ишке орноштуруу, текстиль өнөр жайы, ошондой эле окуу аянтчаларын уюштуруу жаатында кызматташууга кызыкдар болгон немис компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, эл аралык бизнес-форумга 5 миңден ашык адам катышты. Анын ичинде Германиядагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле саясаттын, коомдун, дипломатиялык корпустун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү бар. Иш-чаранын программасына ошондой эле энергетика, инфляция, жеткирүү чынжырлары, санариптештирүү, ошондой эле немис ишканалары үчүн жумушчулардын жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулаган жогорку деңгээлдеги панелдик талкуулар жана тегерек столдор камтылган.

Маалымат үчүн: Германиядагы чакан жана орто бизнес Германиянын экономикасынын 99%ын түзөт. 49га чейинки кызматкерлери бар жана жылдык жүгүртүүсү 10 млн еврого чейинки компаниялар чакан бизнес катары классификацияланат. Орто бизнес категориясына 249га чейин кызматкери бар жана жылдык жүгүртүүсү 50 млн еврого чейин жеткен компаниялар кирет.

Пикир

Оставить комментарий