• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мэрия “Пионер” жана “Комсомол” көлүнө түшпөй турууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын “Пионер” жана “Комсомол” көлүндөгү даярдык иштери толугу менен бүткөнчө түшпөй турууга чакырат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

“Көлдү тазалоо иштери бүткөндөн кийин, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин адистери тарабынан суунун тазалыгы атайын лабораторияларда текшерилген соң көлгө түшүүгө уруксат берилет”,-деп билдирди мэриядан.

Белгилүү болгондой, “Жашылдандыруу” мекемеси тарабынан 15 жылдан бери биринчи жолу аталган көлдөрдүн түбү жана Каражыгач токойунда жайгашкан туңдургучун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Туңдургучтун жалпы аянты - 0,7 га, көлдүн түбүнүн жалпы аянты 6 гектар. “Пионер” көлү -4 га, “Комсомол” көлү - 2 га. Аткарылуучу иштердин көлөмү 0,7 га жана көлдөрдүн тереңдиги 2,2 га, 21 миң м3, алардын бүгүнкү күнү 16,7 миң м3 (80%) тазаланды.

Болжолу менен сууга түшүү мезгили ушул айдын ортосунда ачылат.

Пикир

Оставить комментарий