• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүдө ыктыярчыларды тартуу маселеси талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүдө ыктыярчыларды тартуу маселеси талкууланууда.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу маселелерине арналган конференцияга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Сербиядан ЮНИСЕФтин 50дөн ашык волонтеру, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло катышууда.

Конференцияда Япониядан келген волонтерлор жана студенттер өз тажрыйбасы менен да бөлүшөт. Эки күндүк иш-чараны катышуучулары кырсык тобокелдиктерин башкаруу жана мындай кырдаалдарга чара көрүү боюнча волонтерлордун ролун талкуулашат. Чогулуш Япония өкмөтү тарабынан каржыланган мектептердин коопсуздугун жогорулатуу долбоорунун алкагында уюштурулган.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФтин ыктыярчылары Кыргызстан боюнча 900дөн ашык мектеп менен иштешти. Ыктыярчылар дээрлик жарым млн окуучу жана 10 миңден ашуун мектеп кызматкери үчүн өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуу өткөрүштү. Алар өрт жана жер титирөө учурундагы туура жүрүм-турумду, мектептердеги коопсуз чыгуу жолдорун, өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын негиздерин үйрөнүштү. Андан тышкары, өрт жана жер титирөө сыяктуу кырдаалдарда өз көндүмдөрүн практикалоо үчүн симуляциялык көнүгүүлөргө катышты.

Өз сөзүндө министр Бообек Ажикеев, ыктыярчылыктын өнүгүшү – бул коом үчүн чоң жетишкендик экендигин жана алар өзгөчө кырдаалдарда чоң роль ойногондугун белгиледи.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФ буга чейин 600 мектепти өзгөчө кырдаалдар үчүн керектүү буюмдар, анын ичинде үн күчөткүчтөр, кол сиреналары, өрт калканчтары, эвакуациялоочу замбилдер, биринчи жардам көрсөтүүчү аптечкалар, жана мектеп коопсуздугу үчүн авариялык эшик туткалары менен жабдыган.

Элчи Хидэки алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жоюу боюнча Япониянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй аймак үчүн пайдалуу болот деген ишенимин билдирди.

Кристина Бруджиолонун айтымында, жер титирөө, өрт, суу ташкыны же чыр-чатактар сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда балдар эң аялуу болушат. “Жаш балдардын коопсузудун камсыз кылуу үчүн биз аларды кырсык учурунда туура көндүмдөргө үйрөтүшүбүз керек”, - деди ал.

Кыргызстанда балдардын климатка жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор 2020-жылдын март айынан баштап ишке ашырылып келет. Бул демилгенин алкагында ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызматташат.

Пикир

Оставить комментарий