• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында аянты 8 гектар жерди ээлеген сейил бак курулат

Аймак 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын достук паркын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашууга шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын мүчөсү Антон Ветошкин кол койду.

Планга ылайык, аталган парк 8 гектардан ашуун аянтты ээлеп, курулуш иштерине 170 млн рубль сарпталат.

Сейил бактын долбоорунда коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле баскетбол, кичи-футбол ойноо үчүн спорттук кластерлердин курулушу каралган.

Пикир

Оставить комментарий