• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фейк! УКМК Бабановдун машыгып жаткан видеосу жөнүндө

Коом 0


Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан Өмүрбек Бабанов ал жакта машыгып жатат делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

"Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат жана анын ичинде сүрөт-видеого тартуу тыюу салынган. Аталган видео материал фейк болуп эсептелинет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган.

Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган.

КР УКМК туруктуу негизде аталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-майында Жогорку Кеӊеш министрлер кабинетине "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизип, тышкы башкаруучуну дайындоо сунушун берген.

Ошондой эле "Кумтөр голд компани" компаниясы көзөмөлдөө жана мөңгүлөрдү сканерлөө тутумун өчүргөндүгү маалымдалган.

Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча 4 кылмыш иши козголгондугун айткан.

Кийинчерээк Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий