• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы: ККМ, ЭТТК, ЭЭФти колдонуу – бүгүнкү күндүн зарылчылыгы

Экономика 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Дордой-Дыйкан", "Дордой-моторс", "Ош базары", "Азиз" базарларынын ишкерлери тарабынан контролдук-кассалык машиналардын, электрондук эсеп-фактуралардын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын киргизилишине каршы 2-мартта уюштурулган митинг боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Салык кызматынын жетекчилиги жана өкүлдөрү чогулуштун катышуучулары менен жолугушуу учурунда алардын суроолоруна жооп берүүнү, ошондой эле салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн киргизилип жаткан компоненттеринин максаттарын жана милдеттерин кыскача түшүндүрүүнү каалашкан. ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ – динамикалык түрдө өнүгүп жаткан дүйнөнүн заманбап шарттарында бул зарылчылык болуп саналат.

Бирок, митингчилер конструктивдүү сүйлөшүүдөн баш тартышты. Бул митингди уюштуруучулардын башкы максаты – диалог эмес, өз суроолоруна жооп алууну жана угууну каалабагандык экендигин дагы бир жолу далилдеп турат.

ККМ, ЭТТК колдонууга каршы бул митинг таза жана ачык иштөөнү каалабаган ишкерлердин кызыкчылыгында уюштурулуп жатканы түшүнүктүү. Эгерде алар электрондук салык кызматтарын колдонушса, миллиондогон товар жүгүртүүсүн көрсөтүп, реалдуу экономикалык иштин негизинде салык төлөшү керек болот.

Ошондуктан, алар коомчулуктун тынчын алышууда. Анын үстүнө акыркы митингде "Биз салык саясатына каршыбыз" деген деструктивдүү ураандар колдонулган. Алар мамлекеттик саясатка каршы болуп, башка ак ниеттүү ишкерлер сыяктуу мыйзам боюнча иштегиси келбей, тийиштүү салыктарды төлөөдөн качышууда. Демек, алардын каалоосу жана жеке кызыкчылыктары коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турабы?

Алардын жүйөсү – санариптештирүү долбоорлорун киргизүү товарлардын баасын көтөрүүгө аргасыз кылат.

Товардын баасында алар төлөй турган салыктар мурдатан эле бар экенин белгилейбиз. Тактап айтканда, каршы чыгып жаткан ишкерлер товарлардын баасына салыктардын суммасын кошуп, бирок бул салыктарды мамлекетке төлөбөй келишкен.

ККМ, ЭТТК, ЭЭФти колдонуу – айрым ишкерлер салык төлөшсө, калганы төлөбөй койбой, ак ниет атаандаштыктын өнүгүшү үчүн бардык ишкерлердин таза жана ачык-айкын иштөөсүнө багытталган. Бирок алар муну каалашпайт.

Салык кызматы митингдин катышуучуларын ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти колдонуу зарылдыгын түшүнүүгө жана кабыл алууга чакырат. Салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирбесе, ак ниеттүү ишкердикти кеңири өнүктүрбөсө, мамлекет социалдык-экономикалык маселелерди сапаттуу чече албайт.

Андыктан салык мыйзамдарынын ченемдерин аткаруу, мыйзамга ылайык иштөө, ак ниет бизнес жүргүзүү боюнча Салык кызматынын койгон талаптары толугу менен мыйзамдуу жана өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий