• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Таласта коронавирустун алдын алуу боюнча бир топ иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Талас облусунда милиция кызматкерлери тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу максатында бир топ иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча бүгүнкү күндө 6 санитардык-карантиндик пост иштеп жатат. Талды-Булак айылында облуска кирип келе жаткан - 1, Казакстан Республикасы менен чектеш Манас районундагы Чоң-Капкада - 2 карантиндик посту, Талас шаарында - 2 жана Кара-Буура районунда - 1. Аталган посттордо милиция, өзгөчө кырдаалдар, медицина кызматкерлери күнү-түнү кирип-чыккан адамдарды текшерүүгө алып, автоунааларды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатат.

"Милиция кызматкерлери бөлүнгөн жерлерде коомдук тартипти сактап, элдер арасында чыр-чатак чыкпоосун көзөмөлгө алып, алдын алуу максатында иш лып барышууда. Андан башка облус аймагында райондор аралыгында 21 фильтрациялык посттор иштеп жатат. Алардын курамын милиция, айыл өкмөт мүчөлөрү жана айылдын жергиликтүү активдүү жаштары түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, карантин башталган убактан бери жер-жерлерде милиция кызматкерлери эл арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында үймө-үй кыдырып, ата-энелер жана жаш өспүрүмдөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калктын аярлуу катмарына кирген жарандар менен жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте аларга колдоо көрсөтүүдө", деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий