• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кадамжайда Өзбекстанга мыйзамсыз жылкы өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Кадамжайда Өзбекстанга мыйзамсыз жылкы өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ммилициянын маалыматына ылайык, Кадамжай РИИБнин Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери 18-январда Hyundai Porter үлгүсүндөгү эки унаада төрт баш жылкыны аткезчилик жолу менен Өзбекстанга өткөрүшүп жаткандар кармалган.

Аталган факты Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган жылкылар жана автоунаалар Кадамжай РИИБнин тергөөсүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий