• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын Байзаков проспектисинде таштардан өзгөчө тосмо орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында жапайы таштар менен кооз тосмо орнотуу жараяны уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ушул тапта калаанын Байзаков проспектисинде, тагыраагы, Курманбек жана Абдрахманов көчөлөрү менен кесилишкен аралыгында тосмо орнотулууда.

Таш тосмо кооздук гана бербестен адамдардын жолго туш тараптан чыгуусуна жол бербейт.

Буга чейин мындай таш тосмо Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү скверге орнотулган.

Демилге Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий