• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдүн Красная Речка айылында бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылында «Ай-Толкун» бала бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн соң салтанаттуу ачылды.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Канат Жумагазив өз сөзүндө балдарды билимге багыттап, мектепке даярдап, дүйнө таанымын калыптандыруучу бала бакча тарбиячыларынын эмгегинин маанисин баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев иш-чаранын катышуучуларын кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, ынтымакты, жаратмандыкты, өнүгүүнү алып келген куттуу жыл болуусун жана бекем ден соолук, ачык маанай каалады.

Белгилей кетсек, «Ай-Толкун» бала бакчасы учурда 105 баланы кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал төрт тайпага бөлүнгөн: жогорку тайпа – 31 бала, ортончу тайпа – 32 бала, кенже тайпа – 21 бала, кыргызча окутуу тайпасы – 21 бала. Бала бакчанын жамааты 20 кызматкерден турат, анын ичинен 8 мугалим жана 12 техникалык кызматкер.

АРИСтин демилгеси менен ишке ашырылган капиталдык оңдоп-түзөө долбоорунун алкагында жуунучу бөлмөлөрү, электр зымдары, ашкана, кир жуучу жай, суу түтүктөрү жана канализация толугу менен алмаштырылды. Оңдоо иштеринин жалпы баасы 5 млн 395 миң 55,16 сомду түзсө, анын 697 миң 55,16 сому айыл өкмөттөн бөлүнгөн. Тендерден кийин «Азия Прогресс Групп» ЖЧКсы менен 5 млн 216 миң 96 сомго, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен 518 миң 96 сомго келишим түзүлгөн. Иш 2023-жылдын 22-августунда башталып, 2023-жылдын 22-декабрында ийгиликтүү аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий