• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктүдө милициянын таяныч пункту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Сүлүктү шаарында №1 жана №2 административдик аймактарына милициянын таяныч пункттары ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бул курулушка Сүлүктү шаарындагы жергиликтүү бийлик жакындан жардам берип, 2 бөлмөдөн турган заманбап тибиндеги эки имарат шаардын Товарный жана Раззаков аймактарына курулуп, керектүү бардык кеңсе жабдыктары менен жабдылып, өз ишмердүүлүгүн баштады", - деп айтылат маалыматта.

Сүлүктү ШИИБдин кызматкерлери жалпысынан 12 миңден ашуун калктын коопсуздугун сактап келет.

Пикир

Оставить комментарий