• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда майыптыгы бар балдарга жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, балдардын балаты майрамы менен куттуктап, белектерди беришти.

Ошондой эле мындагы стационардык мекемеде тарбияланган балдар тарабынан оюн-зоок, ыр-бий программалары тартууланды.

Белгилей кетсек, аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 116 бала тарбияланып келет.

Пикир

Оставить комментарий