• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжай районунда жыл башынан бери 7 өспүрүм сууга чөгүп каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кадамжай районунда 2021-жылдын башынан бери 7 өспүрүм сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери район аймагындагы кооптуу болгон каналдарга, көлмөлөргө эскертүү тактайчаларын орнотууда.

Балдардын жайкы каникул маалында ата-энелерге балдарга көзөмөл кылуусун эскертип, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле коопсуздукту сактоо максатында район аймагындагы кооптуу болгон аймактарды кылдат текшерип чыгып, жергиликтүү бийлик органдарына, суу чарба ишканасына, өзгөчө кырдаал министрлигине сунуштарды берүүдө.

"Шар аккан суулардын, кооптуу болгон көлмөлөрдүн дарыялардын бойлорунда жашаган үйлөргө жалпысынан 210 акт түзүлүп, ата-энелерге тапшырылды. Жыл башынан бери Кадамжай районунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн 9 сууга чөгүү фактысы катталып, 7 жаш өспүрүм каза болгон. Мындай кокустукка ата-энесинин кайдыгер мамилесинен, көзөмөл жоктугунан 3 жашка жетпеген наристелер экендиги өкүндүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий