• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна зоо таштары кулап, жол жабылды

Аймак 0


Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 82-чакырымына алдын ала маалымат боюнча, 22-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында зоо таштары кулап, жолду жаап калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бактыга жараша жабыр тарткан жарандар жок. Кырсыктын кесепетинен чон чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлгөн. Учурда №26 жол тейлө ишканасынын 1 жүктөгүчү, 1 бульдозери тартылган.

Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тарабынан унаа жолго чектөөлөр киргизилген. Жолду ачуу иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий