• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Афганистан бийлиги Кандагар шаары талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн ырастады

Дүйнө 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Афганистандын бийлиги калкынын саны боюнча өлкөдөгү экинчи шаар эсептелген Кандагар талибандардын көзөмөлүнө өткөнүн ырастады.

Күн мурун "Талибан" кыймылы Афганистандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарды — Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Бүгүн маанилүү стратегиялык пункт эсептелген Лашкаргах да талибдерге өткөнү ырасталды.

2021-жылдын август айына чейин талибдер Афганистандын калк аз жайгашкан райондорун гана көзөмөлдөп келген. Бир апта мурун алар 34 аймактын борбор шаарларынын алгачкычын — Зарандж калаасын басып алышкан. Бүгүнкү күндө облустук борборлордун дээрлик үчтөн экиси "Талибандын" көзөмөлүнө өттү.

Пикир

Оставить комментарий