• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

17 жаштагы Саида Исмаилова жигити менен кеткен бойдон дайынсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Саида Исмаиловага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 4-августунда Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, жогоруда аталган дайынсыз жоголгон кыз 1996-жылы туулган Аттокуров Азат Касымалиевич аттуу жигити менен кеткен.

«Саида Исмаилованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмү(0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35 35 29 ”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий