• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министри Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерге барды

Аймак 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн билим берүү системасын жакшыртууну элет жергесинен баштайт, билим берүү тармагына келип жаткан бардык инвестицияларды кайра карап чыгып, басымдуу бөлүгүн аймактардагы билим берүү уюмдарына бурат. Бул тууралуу министр Болотбек Купешев 9-июнда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерде педагогикалык жамаат менен жолукканда билдирди.

Белгилей кетсек, министр республикадагы билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышуу, педагогикалык жамаат менен жолугуу, көйгөйлүү маселелерди жеринен чечүүгө көмөктөшүү, министрлик тарабынан кыска мөөнөттө аткарылчу иштерди жана милдеттерди аныктоо максатында бир айдан бери өлкө аймактарын кыдырууда.

Жолугушууларда директорлор Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерде компьютерлер, англис тили мугалими, мектеп эмеректери жетишсиз экенин айтып, ушул маселелерди жакын арада чечип берүүнү суранышты. Өз кезегинде министр бул маселелер жаңы окуу жылы башталганга чейин чечилерин убада кылды. Ошону менен бирге ал климаттык шарты катаал өрөөндө жашап, иштеп, келечек муунга татыктуу билим берип жатышканы үчүн мугалимдерге алкыш айтып, министрлик ар тараптан көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий