• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казарманда Калкты каттоо департаментинин жаңыланган имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман шаарында толук кандуу жаңыланган имараттын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Имаратта заманбап капиталдык оңдоо жүргүзүлдү жана бардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Имаратты оңдоп-түзөө иштери Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу жана Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке ашырылды.

Мындан тышкары, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаменти тарабынан эмерек, компьютердик жабдуулар жана башка материалдык-техникалык жабдыктар сатып алынган.

Бүгүнкү күндө имараттын жалпы аянты 185 чарчы метрди түзөт, анын ичинде:

- жаш жубайлар үчүн никени каттоо бөлмөсү;
- касса;
- сүрөт студиясы;
- маалымдама;
- 25 орундуу унаа токтотуучу жай.
- эне жана бала бөлмөсү бар.

Тогуз-Торо районунда 30 миңге жакын адам жашайт, аймактар аралык бөлүмдүн 5 кызматкери күнүнө 120га жакын жаранды тейлейт.

Аймактык аралык бөлүм паспорттоштуруу, жарандык абалдын актылары жана калкты каттоо чөйрөсүндө бардык мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт. Бөлүм төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Казарман ш., Жээналиев көч., 31.

Маалымдама: 2021-жылы имарат Жогорку сотко караштуу Сот департаментинен Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин балансына өткөрүлүп берилген. Буга чейин имараттын аянты 80 чарчы метрди түзүп, оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен жер участогуна укук белгилөөчү документти алуу менен аянты 185 чарчы метрге чейин кеңейтилген.

Пикир

Оставить комментарий