• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин жогорулашы белгиленген

ЕАЭБ 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын март айында Арменияны кошпогондо, бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди, ал эми Арменияда 0,7 пайызга төмөндөө катталган.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстандагы баалардын өсүшү (0,2 пайызга) алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын жогорулашы менен (1,4 пайызга) шартталды.

2023-жылдын мартында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,2 пайыз) Казакстанда жана Кыргызстанда катталды.

Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк эмес товарлардын баалары Казакстанда эң көп (2,5 пайызга) өскөн. Ошол эле убакта кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын максималдуу өсүшү (4,1 пайызга) Беларусь Республикасында катталды.

Пикир

Оставить комментарий