• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10-март күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына караштуу талаада А.А. аттуу жаранды Б.Б. жана анын кылмыштуу шериктери Д.У., А.Т. жана башка тергөөдө өздүгү аныктала элек шериктери менен уруп, денесине жараат келтиришкен.

Аталган факты Сузак РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү соттук-медицианалык жана башка экспертизалар дайындалган.

Бул фактынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин опер кызматкерлерине тергөө тапшырмасы берилип, анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Сузак районунун тургуну 1975-жылы туулган Б.Б. кармалып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алынды.

Калган шериктерин жоопко тартуу боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий