• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аймактык медиа борборлордун кризиске каршы иш-аракеттеринин планы талкууланды

Коом 0

Бишкек,. 15.05.20. /Кабар/. КРнын Маданият, малымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору С. Сарногоева облустук медиа борборлордун башкы директорлорунун катышуусу менен онлайн видеоконференция өткөрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда өлкөдөгү кризистен кийинки мезгилде аймактык медиа борборлордун иш-аракеттеринин жүрүшү, жарандарды так жана оперативдүү маалымат менен камсыздоо жоопкерчилигин камсыз кылуу иш-аракеттери талкууланып, медиа борборлордун эфирдик сеткасына өзгөртүүлөр киргизилип, маалыматтык программалардын эфирдик убактылары кеңейтилип жаткандыгы айтылды.

Ошондой эле Сарногоева жаңы иштелип чыккан “Kyrgyz.media” веб-порталынын жана ар бир медиа борбордун басма сөз борборунун ишин жандандыруу, телеберүүнүн эфирдик сеткасын өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу КРнын “Телерадио жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын негизинде кайра иштеп чыгуу, эпидемиялык кырдаалга жараша газеталарды чыгарууну убактылуу токтотуп туруу тапшырмасын берген.

"Жыйындын жүрүшүндө медиа борборлордун жетекчилерине учурдагы кырдаалга ылайык, аудитория менен байланыш түзүү, онлайн көрсөтүүлөргө басым жасоо, социалдык тармактарда медиа борбордун активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш алып баруу, финансылык тартыштыкка байланыштуу эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр менен кызматташып инвестиция тартуу жана бул кырдаалдан чыгуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, өзгөчө абал режими шарттарында аймактык медиа борборлор башка массалык маалымат каражаттары менен бирге эле Кыргыз Республикасынын өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингдерди түз алып берүүдө жана жеринен ыкчам маалыматтарды берип жатат.

Пикир

Оставить комментарий