• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кеминде "Караван-Сарай" эс алуу борборун куруу пландалууда. Эскиздери

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Кемин районунда "Караван-Сарай" комплекстүү эс алуу борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.

Анын эскиздик долбоору Кемин райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Эс алуу борборун Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагына куруу каралган. Анда туристтер, жүргүнчүлөр, айдоочулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Анда коомдук тамактануу жайлар, соода борборлору, мечит, балдар аянтчасы жана башкалар камтылган.

Пикир

Оставить комментарий