• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү режиссёр Умтул Орозова дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 12.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, атактуу телережиссер жана белгилүү коомдук ишмер Орозова Умтул Шейшеевна кечээ, 11-октябрда 79 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Умтул Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал кыргыздын тунгуч дирижеру Кыргыз ССРинин Эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы жарык дүйнөгө келип, Москвадагы А.Луначарский атындагы театралдык институтунун режиссура факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун "Комсомольская Правда" газетасынан баштап, Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде узак жылдар режиссер, башкы режиссер, төраганын орун басары болуп эмгектенген. 1980-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрайымы болуп иштеген. 1989-жылы СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий