• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.10.19. /Кабар/. Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-октябрда «Баймак» бекетинин чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

С. Ф., аттуу 1985-жылкы кыргыз жараны Кыргызстандан Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракет жасаган.

«Документтерди текшерүү маалында ал 1986-жылкы И. И., аттуу Өзбекстандын жаранына таандык болгон документтерди көрсөткөн», - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий