• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай – тарыхы терең өлкө

Коом 0

Кытай узак тарыхында узун жол басып, дүйнө элин бир катар ачылыштар, жаңылыктар менен таң калтырып келген. Кытай ойлоп тапкан ачылыштары жана табылгалары адамзат тарыхында чоң өзгөртүүлөрдү алып келип, өнүгүшүнө салымын кошкон. Чыгыш менен Батышты бириктирген кербен жол – Кытайдан башталып Европага чейин узаган жол Улуу Жибек жолу деген ат алган. Ал кербен жол аркылуу улуттар, мамлекеттер ортосунда бир гана экономикалык, саясий жактан эмес, маданият жагынан байланыш түзүлүп, алаканын артышына өбөлгө болгон. Азыркы учурда да Кытай өнүккөн мамлекеттердин катарында турат.

Жакында эле Шанхай кызматташтык уюмунун достук, ынак коңшулук жана кызматташтык боюнча кытай комитети уюмга мүчө, өнөктөш жана байкоочу өлкөлөрдүн журналисттерин Кытайга чакырып, тааныштыруучу сапарын уюштурду. Кытайга 18 өлкөдөн жалпы 32 журналист келип кетти. Кытай менен таанышуу сапары Пекинден башталды. Бул сапарда журналисттерди аталган комитеттин башкы катчысы Чжэн Вей жана комитеттин кызматкерлери коштоп жүрдү.

Алгачкы күнү журналисттер ШКУ катчылыгынын башкы катчысы Владимир Норов менен жолугушмак. Журналисттердин жоон тобу жолугушууга велосипед менен бардык. Тагыраагы журналисттер үчүн велосипед менен жүрүш уюштурулуп, велосипедге минип алып, Пекиндин кенен көчөлөрү менен жолугушууга сапар тарттык. Жолду катар баратып бизге окшоп велосипед тепкен адамдар көп экенин байкадык. Ал үчүн ыңгайлуу шарттар да, инфраструктура да түзүлгөн, жолдор кенен. Жол боюнда турган велосипеддер да жык экенин көрөсүң. Биз билгендей эле асман тиреген имараттар, мунаралар көп. Жаңы салынып, курулушу аяктап жаткан имараттар да аз эмес. Жолдору кенен жана жолдо тыгын жаралбашы үчүн айланма көпүрөлөр курулган.

Ошентип, тез эле Пекиндин Чаоань районунда жайгашкан Житань көчөсүндөгү ШКУ катчылыгынын имаратына жеттик. Ал жерде Норов менен белгиленген жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Норов, журналисттер тарабынан жиберилген суроолорго жооп берди. Суроолордун басымдуу бөлүгү ШКУ, анын ишмердиги, 13-14-июнда Бишкекте болуп өткөн саммит, жакында Ташкентте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны ж.б. байланыштуу болгон. Норов суроолордун ар бирине кенен токтолуп, кызыктуу маек куруп берди.

Андан кийин журналисттер "Хуаньцюван" сайтынын (Global Times) редакциясына барып, анын журналисттери жана жетекчилиги менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун алкагында "Кабар" агенттиги, ошондой эле Монголия, Беларус, Тажикстандын сайт жана гезиттери "Global Times" менен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Кытай сепили... Императорлор жашаган хан сарай

Улуу Кытай сепили, ал тууралуу айтылган аңыздарды кимдин гана кулагы эшитпеген. Курулушу 18 кылымдан ашык убакыт бою жүрүп келген – биздин заманга чейин III кылымда башталып, 17-кылымдардын ортосунда аяктаган Кытай сепили кытай элинин ири курулуштарынын бири. Сепилдин дубалдарынын бир бөлүгү топурак, күнгө какталган кыштан, кийинчерээк башка бөлүктөрү таш жана кыштан кыналып тургузулган. Белгилүү богондой ал ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинин катарына киргизилген. Нечендеген туристтер аны көрүү үчүн Кытайга келип кетет.

Биз, журналисттер да Кытай сепилин көрүүгө ашыгып турдук. Сепилге келгенден кийин дароо тепкичтер менен өйдө көздөй жөнөдүк. Айрым жерлеринде тепкичтери чыкканга ыңгайлуу болсо, өйдөлөгөн сайын тепкичтери бийик жана тик болуп бутка бир топ күч келет экен. Арийне мындай учурда, оор нерсе көтөрбөй өйдө бара жаткан адам мынча кыйналса, сепилди кургандар кантип иштеген деген суроо жаралат экен. Канча мээнет, канчалаган тер төгүлгөнүн туясың.

Тоодо турган сепилдин башына чыгып барбасак да, ага бир аз жетпей ылдый артка кайттык. Себеби, убакыт аз калып, өз маалында жолугушчу жерге келип калыш керек болчу. Өйдө бара жатканда адамдарды көп кездештирген эмес элек, бирок ылдый келе жатып, эл кадыресе көбөйүп калганын көрдүк. Тепкичтерде эс алып отурган адамдар да бир топ. Эң кызыгы, биз менен жүргөн кээ бир жаштар өйдөгө чейин чыкпай жарым жолдон артка кетсе, артка кайтканда жашы 70-80ге чыгып калган туристтер да өйдө бара жатканын көрдүк.

Кытай сепилинен кийин 15-кылымдардын башында тургузулуп, Кытайдын Мин жана Цин династияларынын 24 императору жашаган жана чоочун киши кире албаган жабык шаарга бардык. Шаардын аянты 720 миң чарчы метрди түзүп, анын аймагында жалпы чакан жана ири болуп 980 имарат салынган. Баарына белгилүү болгондой, убагында шаар ичине каалаган адам кирип, каалаганы чыга алган эмес. Кирип-чыгуу катуу тартипке салынып, уруксаты барлар гана шаарга кирип-чыга алган.

Эми бир кездери көптөр кире албаган шаар ЮНЕСКОнун адамзаттын дүйнөлүк мурастары тизмесине киргизилип, аны көрүүгө ашыккан туристтердин саны да арбын. Биз барганда да хан сарайды көрүүгө келген кытайлык жарандар менен бирге туристтер да көп жүрүшүптүр.

Көөнө шаар Сиань

Кийинки күнү Пекинде жайгашкан электр унааларды чыгарган Beijing Electric Vehicle Co. Ltd компаниясына барып, алар чыгарган унааларды көрдүк.

Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору Ван Лю Фандын айтымында, алар чыгарган унаалардын басымдуу бөлүгү Кытайдын ичинде эле сатылат. Мисалы, былтыр 1 млн 270 миң унаа чыгарылып, сатылган.

"Жалпы Кытай боюнча 150 миң кубаттоочу станция курулган. Унааны жарым саатта кубаттап алса болот. Мисалы компания башында өндүргөн электр унааларынын кубаты 300-500 километрге жетсе, акыркы унааларынын кубаты 600 километрге чейин жетет", - деди ал.

Ал белгилегендей, шаар ичинде орнотулган кубаттоочу станциялардан тышкары, компания унааны үйдө кубаттап алыш үчүн өз кардарларына, үйүндө чакан кубаттоочу станция салууга көмөк кылат.

Түшкө жакын компаниядан чыгып Сиань шаарына жол тартуу үчүн Пекиндин ири поезд бекеттеринин бирине бардык. Сианга барыш үчүн тез ылдамдыкта жүрүүчү G87 поездине түштүк. Бизге айтышкандай, биз түшкөн поездге билеттин баасы 500 юань же биздин акча менен 5 миң сом болот экен.

Ошентип поезд бизди Сианга алып жөнөдү. Ылдамдыгы улам артып отуруп, катуулаганда 306 чакырымга жетти. Бирок, катуу ылдамдыкта баратканы сезилбейт. Бир заматта эле бийик-бийик мунаралар артта калып, кенен талаалар, андагы күнөсканалар, алардан өтө бергенде чоң-чоң жүгөрү талаалары көрүндү.

Зымыраган поезд ылдамдыгынан жазбай Пекинден Сианга чейинки 1 чакырымдан ашкан жол 3,5 саатка жетпеген убакытты алды. Ошентип Кытайдын көөнө жана тарыхий шаарларынын бири Сианга келдик. Учурда Сиань заманбап шаар. Ал Кытайдан Шэньси провинциясында орун алып, провинциянын өкмөтү да ал шаарда турат. Ошентип, Кытайдагы дагы бир күнүбүз өттү.

Кийинки күнү мейманканада Сиань шаарынын элдик өкмөтүнүн басма сөз боюнча жетекчиси Чжань Линь менен жолугушуу өтүп, ал шаар тууралуу кыскача айта кетти.

"Бүгүнкү күнү Сиань эл аралык мегаполис. Сиань бир гана тарыхы менен эмес, учурда, жогорку технологиялары менен белгилүү. Билим, илим аябай өнүккөн", - деди ал.

Белгилей кетсек, 2018-жылы жергиликтүү бюджеттин жалпы кирешеси 68, 471 млрд. юанды түзгөн. Импорт менен экспорттун жалпы наркы 330, 387 млрд. юанга жеткен.

Туризм тууралуу айтсак, Сиань туристтер көп каттаган шаарлардын катарында турат. Маселен, жергиликтүү жана чет жерден келген туристтердин саны 247 миллион болсо, туризм тармагынан түшкөн жалпы киреше 255, 481 млрд. юанды түзгөн.

Эски шаар дубалы жана мусулмандардын мечити

Башында айтып өткөндөй Сиань Кытайдын көөнө шаарларынын бири болуп, тарыхый курулуштары, имараттары өтө көп. Алардын бири Сиандагы 14-кылымдарда Мин династиясынын тушунда тургузулган эски шаар дубалы. Биз, мейманканадан чыгып аталган шаар дубалына бардык. Белгилей кетсек, бул шаар дубалы дүйнөдө ушул күнгө чейин сакталып калган көөнө шаар сепилдеринин бири. Мындан улам ал мамлекет тарабынан коргоого алынган тарыхый эстеликтердин катарына киргизилген.

Бир кездеги шаар сепилинин бир башынан экинчи башына жетүү алыс болгондуктан, аны көрүү үчүн келгендер велосипедди ижарага алышат. Биз да, бизге деп даярдалган велосипеддерге отуруп, шаар дубалын күрөп чыктык.

Шаардык дубалдан чыгып Сиандагы мусулмандардын кварталына кеттик. Арасы анча алыс эмес экен, көп узабай барар жерибизге жеттик. Эки жээгинде дүкөндөр туруп, жер-жемиши, ар түрдүү татымалдары, тамактары сатылып турган көчө менен өйдө басып Сиандагы чоң мечитке келдик. Тан династиясынын маалында 742-жылы түптөлгөн мечит курулушу боюнча адатта биз көрүп жүргөн мечиттерге окшобойт. Белгилей кетсек, мечиттин биринчи курулушунан дээрлик эч нерсе калган эмес. Учурдагы мечит жана андагы курулуштар 14-кылымдарда мечит оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин калган. 17-кылымда мечиттин 9 метрлик жыгач аркасы тургузулган. Учурда мечит турган аянт 12 миң чарчы метрден ашат. Анда медресе да бар. Мечиттин өзүнө 1 миң 100 киши батат.

1988-жылы мечит Кытайдын өзгөчө коргоодогу маданий эстеликтеринин катарына кирген. Мындан улам мамлекет аны кароого алып, оңдоо иштерине каражат бөлүп турат.

Хан күзөтчүлөрү

Эртеси күнү Йога жана тайцзи күнү өтүп, иш-чара Тан династиясынын Лотостор багында өттү. Анда йога менен тайцзи менен алектенгендер келген коноктор үчүн өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын бири тайцзи чебери Жао Юбин бул өнөр жана өзү тууралуу саймедиреп берди.

"Учурда 70 жаштамын. 7 жашыман бери тайцзи менен машыгып келем. 16 жашымда тайцзи чебери болгом. Тайцзи ушунун бир түрү. Анын башка уруш өнөрлөрүнөн үч айырмачылыгы бар. Биринчи – ийкемдүүлүк бар (плавность) (бирок күч бар), агрессивдүү эмес. Инь менен яндын тең салмактуулугу – карама-каршылыктардын бир болгондугу. Экинчиси кытайлардын аң-сезим философиясы. Үчүнчүсү өзүңдү өстүрүүгө өбөлгө болот (чыдамкайлыкка үйрөтөт)", - деди ал.

Ал белгилегендей, күн сайын эки сааттан машыгуу менен негизги кыймылдарды 10 күн ичинде үйрөнүп алууга болот. Ошентсе да, иштин өтөөсүнө чыгып, чебер аталуу үчүн көп жылдык мээнет керектиги баарына белгилүү болсо керек.

Сиань Кытайдын көөнө калаалардан болгондуктан азыркы шаардын аймагында жана анын тегерегинде тарыхий жайлар көп. Алардын бири деп Кытайдагы Цинь династиясынын биринчи императору Цинь Шихуандинин күмбөзүн, ал үчүн жасалган терракота аскерлерин айтса болот. Ал күмбөз менен чоподон жасалган аскерлердин музейи шаардан 30 чакырым алыстыкта орун алган. Б.з.ч. 3 кылымда жасалган бул чопо аскерлери тууралу укпагандар аз болсо керек. Ал аскерлерди көрүү үчүн жыл сайын бул жакка нечендеген туристтер келип кетет.

Чопо аскерлери көмүлгөн жер 1974-жылы суу казуу учурунда кокустан табылган. Андан кийин ал жеде археологиялык казуулар жүрүп, тыкыр изилдөөгө алынган. Белгилүү болгондой Цинь династиясынын биринчи императору күмбөзү үчүн 8 миңден ашык аскер жасалган. Ал үчүн түмөн сан жумушчулар тартылып, ондогон усталар иштеген. Ал аскерлерди усталардын кимиси жасаганын аларга басылган мөөрлөрдөн билүүгө болот. Учурда чоподон жасалган жоокерлердин баары жер алдынан алынып чыккан эмес. Ушу күнгө чейин окумуштуулар 8 миң 99 жоокерди казып чыккан.

Чжухай-Гонконг-Макао көпүрөсү

Белгиленген программа боюнча биз, Кытайда, таанышуу сапарынын алкагында төрт шаарда болмокпуз. Пекин менен Сианда болуп, алдыда Чжухай менен Шэньчжэнь шаарларына бармакпыз. Ошентип, Сианда болгон сапарыбыз да карып, Чжухай шаарына учак менен учуп келдик. Чжухай Кытайдын түштүгүндөгү өнүккөн жана эс алуучулар көп келген шаарларынын бири. Кытай тилинен которгондо "бермет деңиз" деп чечмеленет. Ал аз убакыттын ичинде чакан айылдан бийик мунаралуу, заманбап технологиялары бар өнүккөн шаарга айланган. Маселен, анын ИДПсы 291 млрд долларга жетип, бул көрсөткүч боюнча Гуандун провинциясында биринчи орунга чыккан. Азыркы тапта Чжухай тез өнүгүп, өткөн жылы ишке берилген Чжухай-Гонконг-Макао көпүрөсү шаардын өсүп-өнүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып отурат. Көпүрө тууралуу айта кетсек, анын курулушун Чжухай, Гонконг жана Макао шаарлары бирге жүргүзүп, көпүрө чыгышта Гонконг атайын административдик районун, ал эми батышта Чжухай жана экинчи атайын административдик район – Макаону бириктирип турат.

Көпүрөнүн курулуш иштери 6 жылдык даярдыктан кийин 2009-жылы 15-декабрда башталып, 9 жылдан кийин аяктаган – 2018-жылдын 24-октябрында ишке берилген. Анын курулушуна 20 млрд доллар сарпталган.

Үч шаарды бириктирген көпүрөнүн узундугу 55 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын тоннель түзүп, ал суу алдынан өткөн. Көпүрө суу алдына кетип, тоннель менен бириге турган жеринде эки жасалма арал салынып, алардын ар биринин аянты 10 миң чарчы метрди түзөт.

Жасалма аралдардын биринде музей салынган. Ал музей азырынча жабык, бирок, жакын арада туристтер үчүн ачылат. Музейде көпүрөнүн курулушунун жүрүшү, анын салууда колдонулган технологиялар ж.б. менен таанышууга болот.

Шэньчжень

Шэньчжень шаарына жетип алуу үчүн кемеге түшүп, жолго чыктык. Чжухай менен Шэньчжэндин арасы анча алыс болбогондуктан көп өтпөй шаарга да барып калдык. Шэньчжень да Кытайдын тез өнүгүп жаткан калааларынын бири. Шардын аймагында эркин экономикалык аймак түзүлүп, учурда ал жакта бир катар ири компаниялар иштеп келет. Ал электрондук жана электр техника өнөр жайынын борбору катары таанымал.

Бул калаа 1979-жылы Баоань уезди турган жерге түзүлүп, Шэньчжень деген атын алган. Ошол жылы ал Кытайдагы эркин экономикалык аймак катары тандалган. Ошондон бери заманбап шаар болуп өзгөргөн Шэньчжень Кытайдын "кремний өрөөнү" болуп келет.

«Кабар» КУМА

Нуржигит Бейшебаев

Пикир

Оставить комментарий