• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» 2019-жылдын 26-февралындагы №94 токтомун жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2 юридикалык жак (жоопкерчилиги чектелген коом) онлайн режиминде каттоодон өттү.

Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү максатында юридикалык жактарды онлайн каттоону киргизүү боюнча иштер аткарылууда.

«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо, ишинин токтотулгандыгын каттоо» долбоорун ишке ашыруу 2 этапка бөлүнгөн.

1-этап. «Юридикалык жактарды онлайн каттоо».

2-этап. «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо, ишинин токтотулгандыгын каттоо».

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтына юридикалык жактарды онлайн каттоо системасынын иштеши жана юридикалык жактарды каттоонун мөөнөтүнүн кыскарышы биринчи этапта күтүлүп жаткан жыйынтык болуп эсептелет.

Экинчи этапты ишке ашыруунун алкагында «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо системасын түзүү жана өнүктүрүү концепциясы» бекитилген жана электрондук форматта юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоонун укуктук негизи, кайра каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо каралган «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.

Муну менен катар «Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базасы» жана «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалымат базасы «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулду.

Пикир

Оставить комментарий