• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров менен JICA президенти кызматташтыктын маанилүү багыттарын талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолукту.

Жолугушууда тараптар экономика, билим берүү, маданият, клматтын өзгөрүүсү, туризм жана спорт тармактарындагы кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулашты.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан көп жылдардан бери ишмердүүлүктүн эң приоритеттүү багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан Япония Өкмөтүнүн жана Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жардамын жогору баалай турганын белгиледи.

“Биз Японияны узак мөөнөттүү, ишенимдүү жана достук өнөктөш катары карайбыз. Япония автомобиль куру, кеме куруу, курулуш жана металлургиялык өнөр жай, энергетика, робот техникасы жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактарда лидер экенин эске алып, жогоруда аталган багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экенимди билдирем”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Япония Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын Япониянын жогорку окуу жайларында окутуу үчүн гранттык программасынын (JDS) алкагында адамдык өнүгүү чөйрөсүндөгү кызматташуунун ийгилигин белгиледи.

“Бул программанын бүтүрүүчүлөрү учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жогорку кызматтарда иштешет. Бул программаны улантууга кызыкдар экенибизди жана JDS долбооруна кабыл алуу үчүн өлкөдөгү стипендианттардын жылдык квотасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм”, – деди ал.

Мындан тышкары, тараптар жакшы натыйжаларды көсөтүп жаткан “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун ийгиликтерине токтолушту. Өз сөзүндө JICA президенти Акихико Танака бул долбоор боюнча Ысык-Көл облусунда аткарылып жаткан иштерге күбө болгонун, өзгөчө аялдардын катышып жатышы жана мындай долбоордун активдүү аткарылышы Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүүсүнөн кабар берээрин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстанда бир нече эки тараптуу расмий өнүктүрүү институттары натыйжалуу иштеп жатканы белгиленип, Кыргыз-япон өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий