• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арзыбек Кожошев: Илим бийликтин таасирдүү өнөктөшү болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев өлкөнүн экономикалык өнүгүү келечегин жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун талкуулоо үчүн илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, теория жана практикага негизделген экономикалык саясатты түзүүгө илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу актуалдуу маселелерди чечүү жана коюлган максаттарга жетүүдө зарыл реформаларды ишке ашырууда башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

«Илимий чөйрөнүн өкүлдөрү биздин экономикалык күн тартипти түзүүдө бийликтин таасирдүү өнөктөшү болушу керек. Илимий коомчулук ээ болгон бай тажрыйбанын жана билимдин өнүгүү маселесинде баа жетткис орду бар жана ал өлкө келечегине олуттуу салымын кошо алат», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Өз кезегинде илим өкүлдөрү экономикалык маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгууга, анын катарында илимий-методологиялык жана эксперттик-аналитикалык коштоого активдүү катышууга даярдыгын билдирди.

«Мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана коомчулуктун күчүн бириктирүүбүз керек. Мына ушундай жол менен гана биз Кыргыз Республикасынын учурдагы өнүгүү баскычында келип чыккан чакырыктарга жана тобокелчиликтерге туруштук бере алабыз. Буга коронавирустук инфекциянын кесепеттери жана заманбап геосаясий чакырыктар кирет», - деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.

Пикир

Оставить комментарий