• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын оор атлетчилери Дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг) жана Эмил Молдодосов (89 кг) Дүйнө чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана споррт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 3-18-сентябрда Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында өтүүдө.

Спортчулар чемпионатка улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында катышат.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү Азия оюндарына жана Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү максатында 20-августтан 3-сентябрга чейин эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий